Азербайжандын борбору Бакы шаарындагы жыйынга отуздан ашык мамлекеттен беш жүз элүүдөй адам катышууда. Кыргызстандык өкүлдөрдү Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Осмоналиев жетектеп барган. Иш-чарада негизинен боордош мамлекеттер ортосунда алака-байланышты чыңдап, түрк маданиятын, тилин байытууга чогуу-чаран катышуу, түрк маданиятынын дүйнөлүк маанисин арттыруу боюнча кеп-кеңеш курулууда. Курултай 20-ноябрда аяктап, жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, “армиян геноциди” боюнча билдирүү да жарыяланмакчы. (EBM)