БШКнын кечээ кечиндеги маалыматына караганда, мындай добушканалар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин алдында жана кыргыз жарандары жыш жайгашкан жерлерде түзүлмөкчү. Маселен Орусиядагы кыргыз жарандары бул өлкөнүн 9 шаарында, Германиядагылар үч шаарда, АКШ, Түркия жана Казакстандагылар эки шаарда добуш бере алышат. Мындан сырткары дагы 15 өлкөдө добуш берүү участкалары түзүлөт.(SM)