Урузган аймагында талибдер эки ай мурун барымтага алынган беш полиция кызматкерин өлтүрүп, алардын денелерин бак-дарактарга асып койгонун аталган полиция башчысы Жума Гүл Химат маалымдады. Ооганстанда согушкерлер башкаларга мисал кылуу иретинде админстрация жана анын эл аралык союздаштары менен кызматташкан ооган тургундарын өлтүрүп, минтип асып койгон учурлар буга чейин да болгон.
Ооганстанда талиб согушкерлери өлтүрүлгөн полиция кызматкерлеринин денелерин бакка асып коюшту