Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

10:44 Кыргыз боксеру Алмазбек Раимкулов камалышы президентке маалымдалды


Бул тууралуу президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча топтолгон маалыматтар бүгүн мамлекет башчысына тапшырылды жана президент ал боюнча өз пикирин айтышы күтүлүүдө. Президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов болсо АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшүү жүргүзүп, Раимкуловго байланыштуу маселени козгоду. «Океан тараптан Раимкуловдун кайсы бир карызы жөнүндө сөз чыгууда. Бирок биз аны боштондугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз жана андан майнап чыгат деген үмүттөбүз»,-деп белгиледи Турсунбек Акун. (AiT)

XS
SM
MD
LG