15-17-ноябрь күндөрү Сеул шаарында “Корея-Борбор Азия” аттуу жыйын өттү. Кыргызстандан жыйынга тышкы иштер минстринин орун басары Эрмек Ибраимов баштаган өкүлдөр катышты. Иш-чаранын соңунда аталган аймактагы мамлекеттер экономика, маданият, билим берүү жана туризм жаатында биргелешип кызматташуу, маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты. ТИМдин маалымат кызматынын билдиргенине караганда тараптар мындай форумду жыл сайын өткөрүп турмай болушту жана ал кийинки жылы да Сеулда өтмөкчү. (EBM)