Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында Исхак Масалиев жетектеген Кыргызстан коммунисттер партиясынын 93 талапкерден турган тизмеси каттоого алынды. Эми эки күндүн ичинде талапкерлерге күбөлүк берилүүгө тийиш. Буга чейин БШк “Атамекен” партиясынын тизмесин каттоого алган эле. Жалпысынан 22 партия талапкерлеринин тизмесин БШКга тапшырган.(AiT)