Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Пакистандын Жогорку Cоту президент Мушарафты кайра шайлоонун мыйзамдуулугун териштирүү үчүн берилген алты арыздын бешөөсүн четке какты


Андай доо арыздардын алтынчысы ушул аптанын бейшембисинде каралган жатат жана бул иште президент Первез Мушараф жеңишке жетишчидей. Ал өзү сот анын кайра шайлануусунун мыйзамдуулугун ырастаган соң армия башчысынын кызматын өткөрүп берерин билдирген эле. Бүгүн ошондой Пакистандагы парламенттик шайлоо 8-январда өтүшү мүмкүн экени белгилүү болду. Президент Мушараф шайлоо комиссиясына добуш берүүнү ушул күнгө дайындоону сунуш кылган. Бирок бул мөөнөткө карата өлкөдөгү өзгөчө абал жоюлар - жоюлбасын ачык айта элек. АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Негропонте өткөн ишемби күнү Мушараф менен жолугушуусунда аны өзгөчө абалды жоюуга чакырды.

XS
SM
MD
LG