Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

БУУнун эксперттери Ооганстанда 6-ноябрда болгон жардыруу боюнча иликтөөнү аякташты


Анда жанкечти жардыруусу учурунда мерт болгон адамдардын көбү жансакчылар тарабынан атылган болушу мүмкүндүгү айтылат. Өлкөнүн Баглан аймагында бул күнү жаңы заводдун ачылышы болуп, ага депуттардын делегациясы келген учурда жанкечти жасаган жардыруудан 77 адам өлүп, 100 чактысы жаракат алган. Алардын көбү жаш балдар эле. БУУнун эксперттеринин отчетунда жарылуудан кийин депутаттардын жансакчылары чогулуп тургандарды көздөй баш-аламан ок атышканы, иликтөө каза тапкан ошол 77 адамдын эң көп дегенде үчтөн экиси ок жеп мерт болгонун көргөзүп жатканы белгиленет.

XS
SM
MD
LG