Аймактын келечек макамы боюнча бүгүн Брюсселде башталчу бул жолугушуу Евробиримдик, Орусия жана АКШ ортомчуларынын катышуусунда өтмөкчү. Өткөн апта соңундагы парламенттик шайлоодо алдыга чыкан жана Косовонун кийинки премьер-министри болору күтүлүп жаткан Демократиялык партиянын лидери Хашим Тачи аймактын Сербиядан көз карандысыздыгы 10-декабрдан кийин жарыяланарын билдирген эле. Бирок Евробиримдик өлкөлөрү Косовону көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаганга ашыкпоого чакырды. Сербия болсо Косовонун көз карандысыздык алышына караманча каршы.