“Жарым пайыздык босогодон өтө албаган партия кантип улуттук деңгээлде ат салыша алат. Бизде 7 облус, 2 шаар бар. Ар бир партия Республикадагы жалпы шайлоочулардын тизмеси боюнча 13 миңдин айланасында добуш топтоосу керек. Эгерде бул добушту топтой албаган партия кантип улуттук деңгээлге чыга алат. Мен мындан эч кандай трагедияны көрө алган жокмун”,- деди мурдагы мамкатчы Мадумаров. Ал ошондой эле парламенттик шайлоо адилет, калыс өтөөрүн, Акаевдин учурундагыдай бут тосуулар болбостугун билдирди.(AJ)