Быйылкы жылкы облустун ар кайсы район, шаарларында өзүн-өзү асуу жолу менен өмүрүн кыйгандардын саны жүз адамга жетти. Жакында эле Сузак районундагы Жолкүңгөй айылындагы бир үй бүлөдөн атасы, андан кийин баласы өз жанын өздөрү кыйган. Мындай маалыматты облустун ички иштер башкармалыгынан алынды. Байкоочулардын пикири боюнча жумушсуздук, жан багуунун оордугу, эмгек акынын аздыгы менен жакырчылык жана аракечтик, ошондой эле психикалык ар кандай оорулар жарандардын өз жанын өзүлөрү кыйып жатышына себеп болууда. (YA)