«Кылым шамы» укук коргоо борбору бул маселе боюнча коомчулукка кайрылуу жолдоп, шаар бийлигинин баш мыйзамга каршы келген мындай аракетинин ишке ашуусуна жол бербөөгө чакырды. Шаар жетекчилиги нааразылык чараларын борбордук аянтта эмес, башкалаанын атайын бөлүнгөн жеринде өткөрүү жол-жобосун кароону шаардык кеңештин 30-ноябрда өтчү жыйынына сунуштоодо.(SM)