Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

8:10 Эднан Карабаев АКШда кыргыз жаранынын кармалышына тынчсыздануу билдирди


Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эднан Карабаев кечээ АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович менен жолугушуп, бокс чебери Алмазбек Раимкуловдун АКШда кармалышына байланыштуу тынчсыздануу билдирүү менен бул маселенин тез арада чечилүүсүнө жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилеген. Профессионалдык бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Раимкулов АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-ноябрда камакка алынган. Айрым маалыматтарда ал үч жыл мурда мас абалында автоунаа айдап жүргөн жеринен кармалып, кийин сотко барбай койгону үчүн камалганы айтылат. ТИМдин маалыматына караганда, Америкадагы кыргыз элчилиги АКШ мамлекеттик департаментине кыргыз жараны Алмазбек Раимкуловдун укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо үчүн зарыл чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылды.(SM)

XS
SM
MD
LG