Улуттар уюмунунун Адам укуктары боюнча комитети Ирандагы адам укуктары жана эркиндиктери боюнча абалды айыптаган резолюция кабыл алды. Анда бул өлкөдө адам укуктарынын бузулушу, кыйноолор уланып жатканына тынчсыздануу билдирилген. АКШ, Евробиримдик жана Канада тарабынан даярдалган бул документ БУУнун Башкы ассамблеясынын кароосуна жиберилди.