Жыйын эмки шейшембиде АКШнын Аннаполис шаарында өтө турган болду. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн айтымында, көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо максатын көздөгөн бул жыйынга 50 чакты өлкөнүн өкүлдөрү чакырылды. Алардын арасында Израиль менен палестиндиктерден сырткары араб өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин жана Орусиянын өкүлдөрү да бар.