Жакында кыргыз атуулдары “Nokia” маркасынын телефондорун кыргыз тилинде колдонууга мүмкүндүк алат. Бул тууралуу аталган компаниянын Орто Азия жана Казакстандагы өкүлү Евгений Владимиров “CA-News” маалымат агенттигине билдирген. “Уюлдук байланыш тармагы Борбор Азия өлкөлөрүндө ыкчамдык менен өнугуп жаткандыктан, биз региондогу ар бир өлкөнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алсак эбегейсиз ийгиликке жетишебиз деген үмүттөбүз”, - дейт Евгений Владимиров. Буга чейин Казакстандын жана Өзбекстандын улуттук тилине которулган чөнтөк телефондор чыгарылып сатыкка чыккан. (ESu)