“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы шайлоо комиссияларынын курамы түзүлүп жаткандыгына байланыштуу, ага саясий партияларды жигердүү катышып, өкүлдөрүн шайлоо комиссияларына сунуштоого үндөдү. 22-ноябрда шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү аяктайт. Ал эми 25-ноябрда шайлоо комиссияларын түзүү соңуна чыгат. (AJ)