Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

УКРАИНАНЫН ЗАСЯДЬКО КЕНИ 89 КЕНЧИНИН ӨМҮРҮН ЖАЛМАДЫ


Украинанын чыгышындагы Донецк облусундагы Засядько көмүр кенинде жекшемби күнкү кырсыкта ажал алган адамдардын саны 89га жетти. Бул күнкү алаамат Украина күнкорсуз болгондон берки эң жаман окуя болду. Буга байланыштуу өлкөдө үч күнгө аза күтүүдө. Дагы 11 кенчинин тагдыры белгисиз.

Кенчилердин үй-бүлөсүн кан кустурган кырсыктар Украина үчүн сейрек болчу көрүнүш деш жаңылыштык болор эле. Кенчилер үчүн Украина Кытайдан кийинки экинчи кооптуу жай. Донецк облусундагы Засядько көмүр кениндеги кырсык үчүн набыт болгон жумушчулардын үй- бүлөлөрү өкмөттү күнөөлөшүүдө. Алардын айтымында, өкмөт эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга умтулуп, кенчилердин коопсуздугуна көңүл бурбайт.

Украин кенчилеринин көзкарандысыз кесиптик союзунун төрагасы Михайло Волынецтин пикиринче, өкмөт коопсуздукка жетерлик маани берсе, мындай кырсык болмок эмес:

- Өкмөт тийиштүү чараларды аткарып, тармактагы жагдайды көзөмөлгө алса, бул сыяктуу кырсык болмок эмес. Көмүр кендеринин жетекчилери арасында жемсөөлүк жана жоопкерсиздик кеңири жайылган.

Зиядько кени- өлкөдөгү эң чоң жана мыкты жабдылган кен болсо да, 1999- 2002- жылдардын арасында 125 жумушчунун башын жалмаган.

18- ноябрдагы жардыруудан кийин айрым жумушчулар Зиядько кени менен кош айтышмакчы. Бирок, региондо башка жумуш орундары аз болгондуктан, менеджерлер алардын ордун кантип толтурабыз деп кыжаалат эмес.

Украин кендериндеги кырсыктын негизги себебин, совет заманында республиканын көмүр өнөр жай министри болуп иштеген Микола Сургай коопсуздук жагдайынын акыркы 20 жылда кыпындай да өзгөрбөгөнү менен түшүндүрөт:

- Бул жерде килейген проблемалар бар. Жаңы кендерди куруу, жаңы техника берүү, коопсуздукка зарыл жаңы жабдууларды орнотуу, көмүр кендерин жана башка ишканаларды контролдоочу мыйзамдарды колдонуу абзел. Бардык контролдоочу мекемелер тийиштүү мыйзамдарга жана коопсуздук эрежелерине ылайык иш жүргүзүшү шарт. Тартипти баары тегиз аткарууга тийиш.

Ал эми Михайло Волынец өндүрүштүк кырсыктын өсүшү- Украина эгемендик алгандан бери көмүр өндүрүү үч эсеге көбөйгөнүнө байланыштуу болууда дейт.

Адистердин байкашынча, украин кендери өтө эле тереңдеп, жер астына 1 миң метрге чейин кирип кеткени, жумуш орундарында коопсуздуктун эң жөнөкөй эрежелеринин аткарылбаганы, газдарды туйуучу жабдуулардын орнотулбаганы да адамдардын өмүрүнө балта чабууда.

XS
SM
MD
LG