Бул тууралуу түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратурасы билдирди. 47- түзөтүү колониясында камакта отурган Константин Лисичин 2004-жылдын декабрь айында бошотулган. Бирок кийинчерээк эки жарым жыл өткөндөн кийин прокуратура анын жасалма документтер менен бошотулганын аныктап чыгып, ушул жылдын 25- сентябрь күнү кайра камакка алынган. Мындай чечимге нааразы болгон К. Лисичин ачкачылык жарыялап андан соң оозун тигип салган. Бирок “Кылым Шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова К. Лисичин менен жолугуп аны оозун ачтырууга көндүргөнүн “Азаттыкка” маалымдады. “Жасалма документтер тууралуу кылмышкер эч нерсе билбейм, ошол мезгилде камакта отургам деп айтууда”, - дейт А. Абдырасулова. Учурда К. Лисичиндин ишин Атайы прокуратура иликтөөдө. (ESu)