Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:00

10:30 Карасуу РИИБнүн кызматкерлеринин үстүнөн киши өлтүргөндүгү үчүн эки кылмыш иши козголду


Милициянын лейтенанты Абдувахит Абдуллаевге үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Өзбекстандык ишкер М. Мамарасуловду өлтүргөндүгү аныкталып, өнөктөшү Каныбек Шерматов менен кошо камакка алынган. Кылмыш ишин ачууда жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында А. Абдуллаевдин бир жыл мурда кытайлык ишкер Ванг Джиан Хуаны да өлтүргөндүгү белгилүү болду. Учурда Кытай жаранын өлтүрүүгө жардам берген дагы бир милиция кызматкери, улук-лейтенант Асхат Ахметжанов да кармалып, абакка киргизилди. Эки учурда тең милиция кызматкерлери курмандыктарынын акчасын алуу максаты менен кылмышка барышкан, деп кабарлайт ИИМ маалымат кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG