Жыл башында мурдагы Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин буйругу менен кызматынан бошотулган Атайын прокуратуранын кызматкери Фатима Иманалиева Башкы прокуратураны сотко берген. Кечээ Бишкектеги райондор аралык соттук коллегиясы Ф. Иманалиеванын доо арызын канааттандырган чечимин чыгарды. Ага ылайык азыркы Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев мурдагы кызматкерин кайра кызматка алууга жана ошондой эле 135 миң сом компенсация төлөп берүүгө тийиш. Бул тууралуу Ф. Иманалиеванын адвокаты кабарлаган. (ZKo)