Быйылкы программага 902 ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү жана үч жылга чейинки эмгек стажы бар жаш мугалимдер катышышты. “Жаш мугалим депозити” программасы боюнча, жаш мугалимдин атайы эсеби ачылып, ага айлыкка кошумча 2000 сомдон которулуп турат. Жаш адис бул акчаны үч жыл иштеген соң ала алат. Мындан сырткары айылдык мектептерде иштей турган жаш адистер акысыз турак-жай менен камсыздалат. Өлкөнүн бардык облустарын камтыган программа айылдык мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу максатында 2004-жылдан баштап иштей баштаган. (JTo)