Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

14:50 Чүйдүн бир катар участкалык комиссиялары Референдумга добуш берүүдө мыйзам бузгандыгы аныкталды


Ысыката районундагы бир нече участкалык шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү 21-октябрда болуп өткөн Референдумда мыйзам бузууга жол бергендиги үчүн комиссия мүчөлүгүнөн четтетилди. Чүй облустук шайлоо комиссиясынын “Интербилим” коомдук уюмунун байкоочусу Анара Дауталиеванын арызын карап чыгарган чечими боюнча Б. Кадыров, Ж. Абыканова жана Э.Рысалиева участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылышты.
“Шайлоочулардын укугун коргоо” комитети Референдумда мыйзам бузуулар болгондугун облустук шайлоо комиссиясы мойнуна алып жатат, деп билдирди. БШК 21-октябрда болгон Референдумда мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу арыз-дооматтар түшпөгөндүгүн кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG