Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

ТАЖИК АБА КАТТАМДАРЫ КАЧАН ЖАКШЫРАТ?


Тажикстанда бийликтер өлкөнүн улуттук аба каттамы “Тажик Эйрди” модернизациялап, кайра уюштуруп баштады. Бул жүргүнчүлөр үчүн жакшы жышаан, анткени “Тажик Эйрдин” тейлөө кызматы көп нааразылыкты пайда кылып келатат.

Ходженттен Дүйшөмбү калаасына чейин учак менен 30 мүнөттө жетесиз. Бирок, жүргүнчүлөр бул аралыкка дээрлик бир күнүн короткон учурлар сейрек эмес. Алардын бири «Азаттыкка» билдиргендей, бир ирет учак 2 саат кеч учкан, кечигүүнүн себеби айтылган эмес, эч ким кечирим да сураган эмес. Учактын ичинде кап-кап жүк, бал салынган сырты булганч контейнерлер тиреле жыйылган экен. Учак, Дүйшөмбүгө келип конгондон кийин, жүргүнчүлөр жүктөрүн дагы 2 саат күтүшкөн.

Былтыр Бириккен Улуттар уюмунун, Дүйнөлүк Банктын жана Европа Союзунун өкүлдөрү, ошондой эле Дүйшөмбү калаасындагы америкалык, франциялык жана жапон элчилери ачык кат жазып, Тажик аба жолдорунун учактарын жана кызматкерлерин катуу сынга алышкан. Бул кат тажик маалымат каражаттарында жарык көргөн. Башкалар аэропорт кызматкерлеринин коррупциялашканына даттанышат. Жергиликтүү журналисттердин бири "Азаттыкка" мындай дейт:

- Кээде учакка түшүп атканда, полиция оюна келген жүргүнчүнү бер жакка чыгарып алып, суракка алат. Айрыкча Орусиядан мигрант жумушчуларды ташыган учак келгенде аэропорт кызматкерлери алардан эптеп акча өндүрүүнүн ар кыл айла-амалын табышат.

Мындан тышкары учактардын дааратканалары ыплас экендиги, ички каттамдарда жүргүнчүлөргө тамак берилбегени айтылып келет.

Мына ушундай нааразылыктардан кийин президент Эмомали Рахмонов Дүйшөмбүнүн аэропортунда кызматкерлерди көзөмөлдөөчү камераларды орноттурган. Бирок, мындан башка жакшыруунун белгилери байкалган жок. Чоң өзгөрүү акыркы эки жылда билеттин баасы эки эсе кымбаттаганы гана болду.

Тажик аба жолдорунун орус, кытай, түрк, иран компаниялары менен келишимдери бар, бирок өлкөгө Батыштан бир да ири компаниянын учагы катабайт.

Дүйнөлүк банк Тажик бийликтерине чет элдик компаниялардын кеңири иш алып барышы үчүн "ачык аба саясатын" жүргүзүүгө кеңеш берген. "Тажик Эйрдин" директору Тиллоевдин айтымында, Тажикстанда азырынча мындай саясат жок, бирок бул ишкана Боинг 737 учагын сатып алды, жакында 16 учкуч кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн Белгияга жиберилгени жатат, официанттар жана башка аэропорт кызматкерлери тейлөөнүн сапатын көтөрүү боюнча атайын курстардан өтүшмөкчү.

Тажик өкмөтү ошондой эле Дүйшөмбү аба бекетинде жүргүнчүлөрдү азыркыдан үч эсе көп кабыл алуучу эл аралык терминал курууну пландап жатат.

Бирок "Тажик Эйрдин" мурдагы директору, жеке менчик учак компаниясын түзүп, анын каттоодон өтүшүн күтүп жаткан Мирзо Мастонгулов атаандаштыкка чек койгон мамлекеттик монополия жоюлмайынча, көп өзгөрүү болбой тургандыгын белгилейт. Дүйнөлүк Банк Тажикстандын бюджеттик тартыштыгын жабууга 10 миллион доллардык грант бөлгөнү жатат. Бул үчүн банк өкмөттөн 2008-жылдан тартып "Тажик Эйрди" үчкө бөлүүнү талап кылууда. Эгер бул план ишке ашса, бир компаниянын ордуна үчөө пайда болот, бири аба каттамдарына жооп берсе, экинчиси аэропортторду тейлейт, үчүнчүсү абадагы кыймылды көзөмөлдөйт.

"Тажик Эйрдин" мындай бөлүнүшү учактардын сапатынын жогорулашына жана тейлөөнүн жакшырышына шарт түзөт деп күтүлүүдө. Бирок, бул өзгөрүүлөрдү жүргүнчүлөр канча убакыт күтөөрүн айтуу азырынча кыйын.

XS
SM
MD
LG