Каракөл шаардык милициясы бул окуяга шектүү делген 10 чакты жигиттерди кармап, суракка алып жатканын Жусупжан Жээнбеков бүгүн «Азаттыктын» таңкы берүүсүнө берген маегинде билдирди. Бейшембиге караган түнү Каракөл шаарында Социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басарын белгисиз бирөөлөр сабап кеткени буга чейин кабарланган. Аталган партия аны өз активисттерин коркутуп-үркүтүү катары баалаган.(SM)