Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

12:30 Кыргыз киносу тууралуу китеп чыкты


Киносынчы Владимир Михайлов кыргыз киносунун тарыхына арналган “Кинотасмалардын эстелиги” аттуу китеп чыгарды. Анда кыргыз киносунун басып өткөн жолу, кыргыз кино чеберлеринин чыгармачылыгы жана тагдырлары тууралуу баяндалган. “Кыргызкинематографисттер” союзунун төрагасы Таалайбек Бапановдун белгилөөсү боюнча мындай китеп отуз жылдан бери жазылган эмес. Кыргызстанда эң алгач режиссер А. Терскийдин этнографиялык сюжеттери тартылган. Ал эми толук метраждуу кыргыз киносу 1927-жылы тартылып, “Жабык араба” деп аталган. Бул фильмде кыргыздын алгачкы актрисасы Айша Түмөнбаева баш каармандын ролун ойногон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG