Буга байланыштуу шаар мэри Данияр Үсөнов тиешелүү жетекчилерге, мекеме-ишканалардын жетекчилерине буйрук берди. Мындан тышкары мэриянын маданият башкармалыгына борбордук аянтты жасалгалоого даярдык көрүү жана аянтта өткөрүлүүчү майрамдык иш-чаралардын сценарийин түзүү тапшырылды. Борбор калааны жаңы жылга карата жасандыруу ишинин алкагында район, көчө, мекеме, соода түйүндөрүнүн мыкты жасалгасы үчүн сынак жарыяланды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын кабарлаганы боюнча сынактын байге фонду 400 миң сомду түзөт. (ZKo)