Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги отурумунда “Таза коом” партиясын, Кыргызстан коммунисттик партиясын жана Ооганчылардын саясий партиясын алдыдагы парламенттик шайлоого каттоодон баш тартты. БШКнын мүчөлөрүнүн айтымында, мындай чечимдин чыгышына бул партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги мүчүлүштөр, тагыраак айтканда тизмеге кирген талапкерлердин 30 пайызы каршы жыныстын өкүлдөрү болушу керек деген талаптын сакталбаганы себепчи болгон. Жарыштан четтөө алдында турган бул үч партиянын өкүлдөрү БШКнын чечимин сот органдары аркылуу жокко чыгаруу аракетин көрүшөрүн айтышууда.