Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Ооганстанда талибдер жети полициячынын башын алган


Талиб согушкерлери полиция бекетине чабуул жасаган соң жети полицейдин башын алган, дагы алты полициячынын дайын –дареги белгисиз. Бул тууралуу ооган расмий өкүлдөрү кабарлашты. Окуя түштүктөгү Кандагар шаарынан 25 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Аргандаб деген райондо болду. Мындан бир нече апта мурун бул районду кыска мөөнөткө талиб согушкерлери ээлеп, бирок ооган жана НАТО аскерлери кайра алардан тартып алган эле. Ал эми кечээ АКШ баштаган коалициялык аскерлер өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү талибдер менен кагылышып, бир нече козголоңчу жок кылынган, бир жоокер жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG