Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Украинада өкмөт отставкага кетти


Премьер- министри Виктор Янукович ал жетектеген өкмөттүн отставкасы тууралуу бүгүн жаңы парламенттин алгачкы сессиясында жарыялады. Украинадагы шайлоо сентябрда өткөн. 2004-жылкы саргылт ыңкылап боюнча өнөктөштөрдүн эки партиясы азыр парламентте атаандаштарына караганда бир аз көпчүлүктү түзөт. Президент Виктор Ющенкону колдогон "Биздин Украина" партиясы мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенконун блогу өкмөттүк коалиция түзүүнү негизинен макулдашкан. Бирок, баяндамачылардын пикиринде, президент Ющенко Тимошенконун кайрадан премьер- министрликке келишин каалабашы мүмкүн. 2005-жылы Тимошенко өкмөт башчысынын кызматына сегиз ай турган соң бошотулган эле.

XS
SM
MD
LG