Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

21:45 УТРКда эки саат бою түз эфирде каналдын сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды


Бүгүн УТРКнын жетекчилиги ММК адистери, журналисттер жана коомдук ишмерлер менен биргеликте каналдын сапатын жакшыртуу жаатындагы маселелер тууралуу эки саат бою түз эфирде талкуулашты. Саат 19:30дан 20:30га, 20:30дан 21:30га чейин жүргөн түз эфирдеги талкууда ар кыл пикирлер айтылып, УТРКнын директорунун милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов суроолорго жооп берди. Анын айтымында, канал мындан ары сапаттык өсүшкө карай багыт алып, бийликте отургандардын, анын ичинде президент Курманбек Бакиевдин эмес, жалпы элдин байлыгы катары элге кызмат кылуусу керек. Ошондой эле берүүгө түз чалуулар болуп, УТРКнын берүүлөрүн алып берүүнүн сапатына дооматтар айтылды. М.Эшимканов каналдын берүүлөрүн кардарларга жеткирген ишканада маселе бар экендигине токтолуп, бул маселе Орусиянын каналдары сыяктуу спутниктен алып бергенде гана дурус чечилерин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле көрүүчүлөр “экрандан түшпөй, тажатма берүүлөрү менен тажатып келаткан адамдар экрандан көрүнбөй эле коюшса”,- деген сунуштарын түз эфирде билдиришти. Ал эми Медиа-өкүл Шамарал Майчиев болсо, качан гана өлкө жетекчилери чечкиндүүлүгүн, саясий эркин көрсөткөндө гана УТРК оңолорун, ал үчүн Коомдук кеңештин ишин жандантуу керектигин, кетип калган мүчөлөрдүн ордуна өтпөй калгандарды алып келүү керектигин, антпесе өзгөрүш болбосун баса белгиледи. Берүү кыргыз жана орус тилдеринде болуп, талаш-тартыштар менен коштолду.(IJz)

XS
SM
MD
LG