Алар “Ак Жол”, “ЭрК”, “Туран”, “Эл добушу” партиялары. Буга чейин каттоодон 8 партия өткөн эле. Ошентип 25-ноябрда каттоо иштери соңуна чыгып, БШКна документтерин тапшырган 22 партиянын 12си, атап айтканда “Атамекен”, “Акжол”, “Асаба”,”Ар намыс”, “Кыргызстан коммунисттери”,”Социал демократиялык партия”, “Туран”, “Жаңы күч”, “Эркиндик”,”ЭрК” , “Эл добушу”, “Аалам” партяиларынын тизмеси каттоодон өттү. Бүгүн алар үгүттөө иштерин жүргүзүүдө эфирдик убакыттын бөлүштүрүлүшү жана бюллетенде номурлардын кезеги боюнча чучу кулак кармашат. Жогорку Кеңешке шайлоого партиялардын үгүт иштери бүгүн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда, 15-декабарда аяктайт. (MSu)