Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова билдирди. Анын айтымында, жети чакты укук коргоо умдарынын өкүлдөрү атайын Меморандум иштеп чыгышты. Аталган меморандумда өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча абалды жакшыртуучу тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгууда бир катар сунуштар камтылды. Эми бул документ бүгүн-эртең каттоодон өткөн партияларга жөнөтүлөт. “Бул Меморандумга ар бир партия өз ыктыяры менен кол коет. Эгерде документке кол койгон партия шайлоодон өтүп, парламентке келсе, анда бул сунуштарды жүзөгө ашырууда бирге иш алып барабыз”, дейт Азиза Абдырасулова. Укук когоочу мындай тажрыйба Польшада кеңири колдонулуп, өз жемишин берип келатканын белгиледи. (MSu)
7:45 Укук коргоо уюмдары каттоодон өткөн партияларга өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча бир катар сунуштарын жолдошот