Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Адилет Айтикеевди бошотуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Мурат Суталиновго бүгүн экинчи ирээт кайрылуу жолдоорун билдирди. Укук коргоочу ушундай эле айып менен кармалган Өмүрбек Суваналиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал азыр бийликте отурганы, ал эми Адилет Айтикеевдин камакта отурганын адилетсиз деп эсептейт. Турсунбек Акун эгерде улуттук коопсуздук боюнча мамкомиттен бул ирээт да жооп албаса, анда бул маселени жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен президент Курманбек Бакиеге кайрыларын белгиледи. Адилет Айтикеевдин башкоргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку сотко арыз берилген, бирок арызды Жогорку сот качан карары белгисиз. Буга чейин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттору Адилеттин башкоргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартышкан болчу. (MSu)