Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

07:10 Укук коргоочу Улукбек Осмонов камакка алынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова кабарлады. Анын айтымында, Улукбек Осмонов кечээ кечинде кармалып, Таластын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Улукбек Осмоновго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын май айында Талас областына болгон иш сапары учурундагы чатакка тиешеси бар деген негизде кылмыш иши козголгон болчу. Ушуга байланыштуу 23-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу А. Атамбаев Таластагы чатак боюнча кылмыш иштерин токтотуу зарылчылыгын билдирген. Азиза Абдырасулова, Улукбек Осмоновго карата куугунтуктоонун уланышы өкмөт башчынын бул билдирүүсү жөн гана формалдуу экенин көрсөтүп турат дейт.
Үстүбүздөгү жылдын 26-майында А. Атамбаевдин Таласка болгон иш сапары учурунда Жерүй алтын кенинин иштетилишине каршы чыккандар өкмөт башчыны күзөтүп бара жаткан унаага таш ыргытышкан. Бул боюнча Улукбек Осмоновго жана дагы 11 адамга Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган. (MSu)

XS
SM
MD
LG