Партиянын мүчөсү Мирбек Темировдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кечээ кечинде партия БШКдан токтомдун көчүрмөсүн алды. Эми бүгүн “Замандаш” партиясы БШКнын партияны каттабоо тууралуу чечимин жокко чыгаруу үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрылат. Мирбек Темиров партияларды каттоодо БШК калыстык мамиле кылбай, кээ бир партияларга өтө ийкемдүү мамиле жасады деген пикирде. Эгерде райондук сот БШКнын чечимин күчүндө калтырса, анда алар жогорку инстанцияларга кайрылаарын билдиришти. “Замандаштын” тизмесин БШК 25-ноябрда карап, тизмеде гендердик теңчилик сакталган эмес деген негизде каттоодон баш тарткан эле. (MSu)