Саламаттык сактоо министрлигинин кадр саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Медер Исмаиловдун билдиргенине караганда, учурда бул кызматка талапкерлерден документтерди кабыл алуу жүрүп жатат. Документтерди кабыл алуу 9-декабрда аяктайт. Белгилеп кетсек, улуттук кардиология борборунун директору Мирсаид Миррахимов 29-октябрда кызматынан бошотулган. Министрлик буга борбордо жүргүзүлгөн ички аудиторлордун текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы себеп болгонун маалымдаган эле. (MSu)