Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

17:34 Нарын шаарында Медиа ресурстук борбор ачылды


НАРЫН. Медиа ресурстук борбору “Нарын kg” коомдук корунун долбоору аркылуу ишке ашырылган. Долбоор ЕККУ тарабынан колдоого алынган. Соңку үлгүдөгү “Пентиум-4” компьютерлер, факс, кагаз көбөйтүүчү жана көчүрүүчү техникалык жабдуулар, үн жазуучу жана сүрөт тартуучу аппараттар, кеңсе эмеректери менен борбор толук жабдылган. Мындай маалыматты борбордун ачылыш аземинде “Нарын kg” коомдук корунун жетекчиси Жаркын Ибраева белгилеп, тааныштырды. ЕККУнун Бишкек борборунун башчысы, элчи Маркус Миллер октябрь айында Нарынга келип, Медиа борбор үчүн бир миллион сом ажыратылгандыгын билдирген. Облустук Адилет башкармалыгынан алынган маалымат боюнча Нарын облусунда 21 гезит, 8 телерадио маалымат каражаты бар. (KUs)

XS
SM
MD
LG