Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевди кызматтан кетирүү боюнча жардыкты президент Курманбек Бакиев бүгүн өкмөт үйүндөгү жыйында окуп берди. Ал Алмазбек Атамбаевдин бул кызматтагы мөөнөтү бүткөнү менен байланыштырылды. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин эмгегин жогору баалап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «Данакер» ордени менен сыйлады.(SM)