Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

11:03 А.Атамбаев: Президент мени бардык маселеде колдоду


Президент анын кызматтан кетиши боюнча жардыкты жарыялаган өкмөт жыйынында Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы премьер-министрге тоскоол болот деген айың кептер болгонун, бирок бардык маселеде президент аны колдогонун айтып, анын ишине жогору баа берилгени үчүн ыраазычылык билдирди. «Жоопкерчиликтин жүгү сени башка адамга айлантат экен», - деди Атамбаев. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин президент болушуну 2003-жылы эле айтканын белгиледи. «Ошондо менин туулган күнүмдө биз кийинки президент сиз болосуз деп айтканбыз, андан кийин абакта отурган Феликс Куловго барганыбызда да оппозициянын айрым лидерлери менен бул маселе боюнча талашып, мен кийинки президент Бакиев болот деп айткам»,- деди Атамбаев. (SM)

XS
SM
MD
LG