Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:12

14:28 “Жашылдар” партиясы БШКны сотко берүүдө


Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын жаш канатынын лидери Тилек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Т. Сыдыковдун айтымында БШКнын “Жашылдар” партиясын парламенттик ат салышуудан чыгаруу чечими негизсиз. “Биринчиден БШК мындай чечим чыгараардан мурун биздин партиядан жок дегенде бир өкүлүн жыйынга чакырыш керек эле.Бизден эч ким катышкан эмес. Экинчиден БШК шайлоодон четтетүү чечимин, сунушталган партиялык тизмеде төрт аялдын аты катары менен жазылып калган деп негиздешүүдө, бул шайлоо кодексинин бир да жеринде көрсөтүлгөн эмес. Бул саясий заказ”, - деп баамдады Тилек Сыдыков. “Жашылдар” партиясынын доо арызы бүгүн 17:00дө сотто каралмай болду. (ESu)

XS
SM
MD
LG