Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

07:45 АКШда Лас-Вегастын соту кыргызстандык боксчу Алмазбек Райымкуловду камактан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды


Бул тууралуу АКШдагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкери Кайнарбек Токтомушев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, соттун кечээки отурумунда Алмазбек Райымкулов 2004-жылы бологон жол кырсыгына күнөөлүү экенин мойнуна алып, жабыр тарткан америкалык атуулдан кечирим сурап, автоунаасы үчүн айып төлөп берди. Алмазбек Райымкулов камактан бүгүн чыгышы күтүлүүдө. Профессионалдык бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Райымкуловду Лас-Вегас шаарынын полициясы 7-ноябрь күнү кармап, камакка алган болчу. (MSu)

XS
SM
MD
LG