Кечээ Мушарраф армиянын башкы командачылык кызматынан чегинген. АКШ президенти Жорж Буш Мушаррафтын мындай чечимин кубаттап, муну демократияга карай жасалган кадам деп сыпаттады. CNN сыналгысына берген интервьюсунда Буш президент Мушаррафты 8-январга белгиленген шайлоого чейин өлкөдө киргизилген чукул кырдаалды алып таштоого чакырды.