Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

10:15 “Жаш дарыгердин депозити” программасына катышкандарга акча төлөнө баштады


Мамлекеттин бул программасына 2006-2007-жылдары өлкөнүн баардык аймагынан кырк беш дарыгер тартылган. Ушул айда алардын экөө келишим боюнча отуз алты миң сомдун он сегиз миңин колдоруна алышты. Жакынкы күндөрү дагы он сегиз дарыгерге акча бөлүнмөкчү. Маалыматтарга караганда чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткан медициналык кызматкерлердин агымы азая элек. Өлкөнүн алыскы аймактарында жогорку билимдүү адистердин жетишсиздиги дале курч турат. “Жаш дарыгердин депозити” программасы 2005-жылдын этегинде айыл-кыштак, кичи шаарларда дарыгерлер жетишсиздигин жойуу максатында иштелип чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG