НАРЫН. Бүгүн Нарын облусунун губернатору Ажыбек Касымалиев ЕККУнун узак мөөнөттүү байкоочулары Урилис Хисель менен Мартин Росманды иш кеңсесинде кабыл алды. Эл аралык байкоочулар алдыдагы парламенттик шайлоого карата жергиликтүү бийликтин даярдыгы, шайлоочулардын тизмеси, “Эл көчүнүн” абалы боюнча суроолорду беришти. Губернатор шайлоого даярдыктар жүрүп жаткандыгын, участкалар электр, телефон байланышы менен камсыз болорлугун, жергиликтүү бийлик тиешелүү уюштуруу маселелеринин үстүндө иштеп жаткандыгын билдирди. Ал эми жолугушууга катышкан облшайлооком төрагасы Аманкул Молдалиев, “Эл көчү” кыймылы ар бир мамлекетте бар экендигин, шайлоочулар мыйзам чегинде добуш беришерин маалымдады. (KUs)