Бюллетендерди “Учкун” басмаканасы даярдайт. Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ кечинде кезектеги жыйынын өткөрүп, бюллетендердин текстин бекитти. Шайлоо кодексине ылайык, шайлоо бюллетендеринде саясий партиянын аты, тизмедеги биринчи беш талапкердин ысымы, туулган жылы, ээлеген кызматы тууралуу маалымат камтылат. Бюллетендер кыргыз жана орус тилдеринде басылат.(MSu)