Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

07:40 Жыпар Арыкованын үстүнөн сот жараяны бүгүн да уланат


Жыпаргүл Аракованын адвокаты Айжан Касымалиева “Азаттыкка” кабарлагандай, Биринчи май райондук сотунун бул иш боюнча отуруму бүгүн түштөн кийин болот. Анда күбөөлөрдүн жана эксперттердин көрсөтмөлөрү угулаары күтүлүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын өкүлү Жыпар Арыкованы башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен 19-июнда кармап, камакка алган эле. (MSu)

XS
SM
MD
LG