Партия бүгүн тараткан билдирүүсүндө, БШК каттоодон баш тарткан партиянын тизмеси шайлоого байланыштуу мыйзамдардын талаптарына жооп берери белгиленген. Белгилүү болгондой БШКнын чечимине макул болбогон «Замандаш» партиясы аны Биринчи май райондук сотуна берген. Бирок сот БШКнын чечимин күчүндө калтырган. «Биз тарапкерлерибизди чагымга алдырбоого чакырабыз жана Жогорку Сот адилеттүүлүктү орнотот деп үмүттөнөбүз»,-деп айтылган билдирүүдө. (AiT)