Бул маалымат мамлекеттик дин агенттигинин директорунун кеңешчиси Шамшыбек Закировдон алынды. Анын айтымында Ош шаарынан жана облусунан 1700 жаран 10-декабрга дейре ажылыкка жөнөтүлөт. Былтыр туугандары Сауд Аравияда курман болгон зыяратчылардын туугандарынын бири Ибраим Ражапов дин агенттигинин директору Тойгонбай Калматов убадасына турбагандыгын, Мекеге жөнөтөм деген 23 маркумдун бири да документи туураланбай Бишкекте жаткандыгын билдирди. (АТо)