Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

ПРЕЗИДЕНТ МАДАНИЯТ ИШМЕРЛЕРИН ЗАМАНГА КАРАП ИШ КЫЛУУГА ЧАКЫРДЫ


30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуп, маданиятка мамлекет тарабынан мындан ары да ырааттуу колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи.

Жолугушууда оболу сөз алган Кыргыз Республикасынын маданият министринин милдетин аткаруучу Султан Раев жыл башындагы ушундай жолугушуу-жыйындын тапшыруусуна ылайык, маданият менен көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн улуттук программасы иштелип чыгылганын канагаттануу менен белгиледи.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев өз сөзүндө жалпы кыргызстандыктардын рухий деңгээлин көтөрүү мамлекет үчүн маанилүү милдет болуп тургандыгына токтолду. Анын айтуусунда, азыр Шекспир менен Моцарттын чыгармаларын түшүнгөндөр өтө эле аз. Жалаң акчанын артынан түшкөн муундар келатат. Аларга рухий гүлазык бере алсак, колуна гүл кармаган жигиттей, эч кайсы жамандыкка барбайт эле алар. Гүл кармаган жигит мушташка эмес, бирөөнү сүйүнткөнгө ашыгып турат эмеспи деп салыштырды Президент.

Акыркы үч жыл ичинде маданият кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 1,5 эсе көбөйгөн. Маданият мекемелеринин имараттарын оңдоп-түздөөгө кыйла көңүл бурулуп жатат. Соңку 9 ай ичинде эле былтыркыга караганда 108 млн. сом арбын бөлүнгөн. Курманбек Бакиев келечекте мындан да көп каражат кароого куштар экендигин жашырганы жок.

Ошол эле кезде Президент чыгармачыл адамдардын жалаң гана мамлекеттен жардам күтүүсү – заманбап иш эмес деп эсептейт. Маселен, автордук укукту коргоо толук жолго коюлуш керек. Эгер ошондой болсо, жакында бир катар өлкөлөрдө жүзачар аземин өткөргөн “Боз салкын” филминин авторлору каржыга туйтунмак. Адабият менен көркөм өнөрдө жалпы элдин кызыгуусун туудура алган чыгармалар жаралса деле - авторлору калемакыга карпынмак.

Жолугушууда Президент Курманбек Бакиев бийликке тирөөч боло турган партия зарыл экендигин сезип, ошон үчүн “Ак жол” партиясын уюштургандыгын да өнөр адамдарына айтып өттү:

-Ушул партия элге экономикалык саясатыбызды жеткирип, түшүндүрүп, уюштуруу иштерибизди алпаруусу зарыл. Мен бул партиянын келечегине терең ишенем.

Жолугушуу чоң программадагы концерт менен коштолду.

Жолугушууну жана концертти “Ак Жол” партиясын үгүттөө үчүн уюштурушуптур деген пикирлер да жок эмес.

-Бул жолугушуу “Ак жол” партиясын үгүттөш үчүн уюштурулгандыгы билинип калды. Мындай жолугушуулар дагы көп өткөрүлөт болуш керек,-дейт маданият ишмери Тыныч Зарлыков.

Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султановдун жолугушуу жөнүндөгү пикири мындайча:

- Бүгүнкү жолугушуу кишинин жашагысын келтирип койду... Анан Президенттин өзүңөр да аракет кылгыла дегенине кошулам. Мына, кечээ-жакында Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигин кайра куруп, ачпадыкпы. Ошол дагы Президенттин кийлигишүүсү менен бүтүптүр. Райондун акими эле бүтүрө турган иш болчу да. Өзүңөр да аракет кылгыла дегени – ошо...

Баса, концертти алпаруучулар Тургунбай Садыковдун, Атай Огонбаевдин аты-жөнүн так билбегендиги да элди бир аз кыжырдантты.
XS
SM
MD
LG